Купуялуулук саясаты
Baarlash маалыматтарыңызды кантип чогултат, колдонот жана коргойт.
Жаңыланды: 2026-жылдын 30-октябры
Биз кимбиз
Baarlash англис тилин үйрөнүү үчүн тиркеме. Маалыматтардын оператору: [Юридикалык жактын аталышы], Бишкек, Кыргызстан. Маалымат боюнча суроолорду hello@baarlash.kg дарегине жөнөтүңүз.
Кандай маалымат чогултабыз
- Ат же ник, туулган күн жана аймак (катталгандан кийин суралат), тандалган жардамчы, интерфейс тили, күндүк максат жана башка жөндөөлөр.
- Жыйынтыкты сактоону чечсеңиз, почта дареги, Google же Apple аккаунту же Telegram. Ага чейин тиркеме катталбастан иштейт.
- Окуудагы жыйынтык: өтүлгөн сабактар, каталар, кайталай турган сөздөр, катар, лига, сыйлыктар.
- Түзмөк тууралуу маалымат: модели, система жана тиркеменин версиясы, билдирмелер үчүн токен.
- Жарнамалык идентификаторсуз, тиркеменин ичиндеги колдонуу статистикасы.
- Сайтта: кайсы баракты ачканыңыз, кайдан келгениңиз (жарнама белгилери же өткөн сайттын дареги) жана дүкөн баскычын басканыңыз. Cookies жана идентификаторлорсуз.
- Жазылуу тууралуу маалымат: дүкөн, мөөнөтү, абалы. Картанын маалыматын биз албайбыз, төлөмдү Google Play жана App Store жүргүзөт.
Үн
Айтылыш тапшырмасында сүйлөгөнүңүздө жазуу баалоо үчүн гана Microsoft Azure кепти таануу кызматына жөнөтүлөт жана бизде эч жерде сакталбайт.
Маалымат эмне үчүн керек
- Сабак өтүү, жыйынтыкты сактоо жана аны түзмөктөр ортосунда шайкештирүү үчүн.
- Упай берүү, катарларды, лигаларды жана досторду жүргүзүү үчүн.
- Билдирмелерди күйгүзсөңүз, сабак тууралуу эскертүү үчүн.
- Жазылууларды жана коддорду текшерүү үчүн.
- Татаал тапшырмаларды табуу жана курсту жакшыртуу үчүн.
Маалыматты кимге беребиз
Биз маалыматты сатпайбыз жана жарнама көрсөтпөйбүз. Маалыматты тиркеме алардан башка иштебей турган подрядчылар гана алат: сервердин хостинги, кепти баалоо үчүн Microsoft Azure, бот аркылуу кирүү үчүн Telegram, кирүү жана билдирмелер үчүн Google жана Firebase, сатып алуулар үчүн Google Play жана App Store. Достор атыңызды, жардамчыңызды, катарыңызды жана лигаңызды гана көрүшөт.
Балдар
Тиркеме 10 жаштан жогоркуларга ылайыкталган. Биз жарнамалык идентификаторду чогултпайбыз жана жарнама көрсөтпөйбүз. Ата-эне катары балаңыз сиздин макулдугуңузсуз маалымат берди деп ойлосоңуз, hello@baarlash.kg дарегине жазыңыз, биз аккаунтту өчүрөбүз.
Маалыматты канча убакыт сактайбыз
Аккаунт активдүү болгонго чейин. Өчүрүүгө өтүнүч бергенден кийин ойуңуздан кайтууга 30 күн бар, андан кийин аккаунт жана жыйынтык өчүрүлөт. Жеке маалыматсыз статистика 24 айга чейин сакталат.
Укуктарыңыз
Сиз тууралуу кандай маалымат сакталганын билип, аны оңдоп же аккаунтту өчүрө аласыз: тиркемеде (Профиль → Жөндөөлөр → Аккаунт) же Аккаунтту өчүрүү барагында.
Өзгөртүүлөр
Саясат өзгөрсө, бул баракты жаңылайбыз жана маанилүү өзгөрүүлөр тууралуу тиркемеде кабарлайбыз.